Григорьевка айыл өкмөтүндө таштанды үчүн орнотулган 18 контейнер уурдалды

Григорьевка айыл өкмөтүндө таштанды үчүн орнотулган 18 контейнер уурдалды. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Эрмат Жумаев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Жылдын башында биз Григорьевка айыл өкмөтүнө жалдырап жатып 50 контейнер алып келип, кийин шаарыбыз кооз жана таза болсун деп аларды орното баштаганбыз. Бирок андан бери 18 контейнер жоголду, түнү менен уурдап жатышат. Туугандар, мындай боло берсе, биз өнүкпөйбүз. Келгиле шаарыбыз үчүн күйүп коёлучу. Люк, контейнер, жол белгиси жана башкаларды жайына койгулачы. Уурдалгандын ордун толтурганга анча акча жок! Суранам, келгиле шаарды биргеликте оңдойлу», — деди ал.