Грузиядагы жер көчкүдөн 15 киши көз жумду (видео)

Грузиянын түндүк-батышындагы популярдуу курорттун жанындагы Шови өрөөнүндөгү ири жер көчкүнүн кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 15 адам каза болгонун «Грузия-Онлайн» билдирди.

Шови айылындагы жер көчкү 3-августта жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр жана жолдор бузулуп, туристтик коттедждер жана Sunset Shovi мейманканасы жабыркаган. Жүздөгөн адамдар эвакуацияланып, ондогон адамдар дайынсыз жоголгон

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили каза болгондорго байланыштуу дүйшөмбү, 7-августту аза күтүү күнү деп жарыялады.