ГУМдагы зоопаркта маймыл качып чыгып, кызматкер жаракат алган окуя боюнча милиция үн катты

Социалдык тармактарда ГУМ соода борборундагы зоопаркта маймыл качып чыгып, кызматкер жаракат алганы тууралуу видео тараган.

Бул боюнча Бишкек ШИИБ маалымат таратып, факты Свердлов РИИБге катталганын, териштирүү башталганын билдирди.

«Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды тартуу менен жаныбарлардын жашоо шартын текшерүү жана техникалык коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлөт. Учурда эч ким жазуу түрүндө арыз бере элек», — дешти.