Бишкекте изделип жаткан кыз табылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
9-декабарь күнү Биринчи Май РИИБге жаран арызы менен кайрылган. Анда 2008-жылы туулган жашы жете элек Баатырова Малика Калыбековна аттуу кызын издөөгө көмөктөшүүнү суранган.
Ал 8-декабрь күнү саат 14:00 чамаларында Бишкек шаарынын Көлмө жаңы конушунун Мыскал көчөсүндө жайгашкан үйүнөн ГУМ соода борборуна барып келем деп чыгып кеткен бойдон жүргөн жери дайынсыз болгон.
Биринчи май РИИБдин кызматкерлери жогорудагы кызды издөөгө алган учурда ал Бишкек шаарынан табылды. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.