Гүлжигит Алыкулов карьерасын Орусияда улантат

Кыргызстандын Улуттук курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Москванын «Торпедо» футболдук клубу менен келишим түздү. «Торпедо» клубу Орусиянын Биринчи лигасында ойнойт.

Өткөн сезондо Гүлжигит Беларустун «Неман» клубунда ойноп, 30 оюн өткөрүп, 8 гол киргизген. Ал Беларустун чемпионатында күмүш байгеге ээ болуп, өлкөнүн Кубогуна татып, жылдын жыйынтыгы боюнча команданын мыкты оюнчусу деп табылган.