«Гүлнарамды» ырдап популярдуу болгон жигит: «Ырды уурдабай, сатып алгам»

Бул жолу интернетте “Гүлнарам” аттуу ырды катыра ырдап популярдуу болуп жаткан Медер Сагынов менен маектештик. “Бул ырды каракалпакстандык ырчыдан сатып алгам. “Уурдап ырдап жатасыңар” дебегиле, жылдызым бул ыр менен жанып келе жатат” дейт ал.

«Мен Казакстандан бир ыр алайын деп жаткам. 1 миң долларга сүйлөшүп, акчасын салайын деп жатканда ТикТокко кирем. Бир маалда эле ушул ыр чыкты. Көңүл бурган эмесмин, анан эле рекке (ред. рекомендация) чыгып баштады. Ырчы 1 миң 700 долларга сатып алдым», — деди ал.