Гүлнур Асанова: «Темираалы Маймашев бир тууган агасынын колунда үзүлдү»

Актриса Гүлнур Асанова СуперТВ каналына маек берип жатып, өгөй атасынын каза болушу тууралуу кеп козгоду.

«Силерге берген маек акыркысы болуп калды окшойт. Себеби бизден кийин комага түштү. 4-күнү өзүнө келди. 1 жумадан кийин кайра ооруканага түштү. 2 жумадай жатып, айылга кетти. Бир тууган агасынын колунда үзүлдү. Айрым бир адамдардын түзгөн саясатынан улам өз чындыгын айтайын деп ошол сайтты чакырган экен. Аны мен билбейт болчумун. Мен ага чейин аны да билбейт болчумун», — деди ал.

19-ноябрда «Карагул ботом», “Туңгуюк”, “Күзгү жалбырак” тасмаларынын режиссёру, Гүлнур Асанованын өгөй атасы Темираалы Маймашев кайтыш болгон.