Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга Камчы Көлбаевдин туулган күнүнө байланыштуу келгенби?

Хабиб Нурмагомедов кримтөбөл Камчы Көлбаевдин туулган күнүнүн урматына Кыргызстанга келди деген имиштерди четке какты. Бул тууралуу мушкер өзү Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бир күн мурун Чолпон-Атадагы ипподромдо өткөн Eagle FC турнири 27-июлда өтүшү керек болчу. «Бул жерде эч кандай байланыш жок. Лос-Анжелестен пландалгандан кеч учуп келгениме байланыштуу Ысык-Көлдөгү турнирди 3-августка жылдырууга туура келди”,- деди ал. 

Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев 1974-жылы 3-августта төрөлгөн.