Хабиб Нурмагомедов Рүстөм Жапаров жана Тай-Мурас Ташиев тууралуу үн катты

Президент Садыр Жапаров Eagle FC турнирин Чолпон-Атада өткөрүүнү колдогон. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жардамсыз мындай жолугушууларды өткөрүү кыйын, ал эми бир күн мурун өткөрүлгөн турнирдин уюштурулушу жаш муундун өнүгүүсүнө жакшы салым болуп саналат.

Ал ошондой эле президенттин уулу Рүстөм Жапаров жана УКМКнын төрагасы Тай-Мурас Ташиев менен болгон жолугушууга комментарий берди. «Алар мени жакшы кабыл алышты. Мен алар жөнүндө жакшы нерселерден башка эч нерсе айта албайм«, — деди ал. 

Буга чейин Хабиб Нурмагомедов Инстаграм баракчасына видео жүктөгөн. Банкет учурунда тартылган видеого президент менен УКМКнын төрагасынын уулу да тартылып калган эле.