Хамза, Аслан, Байхан Дубайга дарыланууга жөнөп кетишти (видео)

Булчуң атрофиясы менен жабыркаган бөбөктөр Хамза, Аслан, Байхан Дубайга дарыланууга жөнөп кетишти. Бул тууралуу үч бөбөк үчүн акча чогултуу үчүн ачылган баракчаларда айтышты.

Хамзанын атасы дарылануу 3 ай болорун билдирди.

«Хамза, Аслан, Байхан дарыланууга жөнөдүк. Убакыт бөлүп, бизди узатып келген ар бир инсанга ыраазычылык билдирем. Биздин акча чогултууга жардамын көрсөткөн ар бириңиздерден Аллах ыраазы болсун»,- деп жазды Асландын атасы.