Ханайым Айгүл Жапарова мурдагы күйөөсү тарабынан кескиленген келинге барды

Биринчи айым Айгүл Жапарова мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен бычакталып, бети-башы кескиленген Аселден кабар алды.

«Коомчулук менен бирге мен дагы мындай окуяларды кескин айыптайм! Кыздарыбыз кайсыл жерде болбосун өздөрүн коопсуз сезиши керек. Башынан азаптуу күндү өткөргөнүнө карабай Асел, кайраттуу, жаркылдаган мыкты мүнөзү бар кыздарыбыздын бири экен. Белегиң үчүн чоң рахмат! Бардыгы жакшы болот!» — деп жазылат маалыматта.