«Хиджабыңды чеч деп урушту» дейт бейтап. Буга №4 ооруканадан кандай жооп беришти? (видео)

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Зейнеп Исмаилова аттуу айым кайрылып, №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасына жатканда медициналык персоналдан басынтууга кабылганын, ошонун кесепетинен толук дарыланбай чыгып кеткенин айтты.

— Мен 28-июндан бери аталган оорукананын неврология бөлүмүндө «идиопатическая эпилепсия» деген диагноз менен жаткам. 1-күнү реанимацияга түшүп, кийин палатага которулдум. Бүгүн, 1-июль күнү эртең менен палатамда тамак ичип отургам. Санитар эже келип «Сен эмнеге хиджаб кийип жүрөсүң? Намаз окубай, чечип сал» деп мага акыл үйрөтүп баштады. Башында түшүнгөн жокмун. Сүйлөйүн десем кетип калды. Артынан эмне деп жатасыз деп барсам, урушуп эшигин жаап алды. Кайра келип телефонумду алып, мага кылган мамилесин далил катары видеого тарттым. Калганы видеодон деле көрүнүп турат.

Медициналык персоналдардын эки күндөн берки кылган иштери мени тойгузду. Неврология бөлүмүнүн жетекчисине барсам «анын психологиялык оорусу бар, мусулман эмес, баптист» деп кадыресе көрүнүштөй мамиле кылып койду. Мен ооруканага дарыланганы баргам. Ал окуядан кийин бир эже палатага мага келип кыйкырып баштады. Анын баарына палатада жаткандар күбө. Бөлүм башчысы баш болуп мага кыйкырып баштаганынан 3 күн дарыланып, бүгүн чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Мен негизи 10 күн дарыланмакмын. Булардын кылган жоруктарынан улам нервим чыңалып, талмам күндө кармап жатат. Ызы-чуу түшүп, 3-4 кызматкери мени түртүп, жулкулдатышканда милиция кызматкерин чакыргам. Милиция кызматкери булар менен кечке жүрүшүңүз керек болот дегенинен макул болуп доом жок деп арыз жазып, ооруканадан чыгып кеттим. Азыр колдорум көгала, тытылган абалда. Оорукананын кызматкерлеринин кылгандары абдан ызалантып жатат, — дейт жабырлануучу.


№4 Шаардык клиникалык оорукананын башкы врачынын орун басары окуя тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди.

— Зейнеп аттуу айымдын талмасы бар экен. Ооруканада жаткан биринчи күндө эле анын депрессиялык абалда жүргөнү байкалыптыр. Ооруканада 3 күн жатып, бүгүн чыгыптыр. Тарых баракчасын карап чыктым, ооруканадан чыгып баратканда дарыгерлерге доом жок деп тил кат жазып кетиптир. Неврология бөлүмүнүн башчысы менен сүйлөштүм, эч кандай ызы-чуусу жок жакшы эле кетти деди. Туура, санитар менен ал айымдын ортосунда бир аз түшүнбөстүк болгон экен, санитар андан кечирим сураптыр. Биздин кызматкер менен дагы сүйлөшөбүз. Дин тууралуу эч кимге оюн таңуулаганга акысы жок.