«Ху из эбсент тудэй?». Кыргыздар англис тилин билүү боюнча 100дүн ичинен 96-орунду ээледи

Кыргыз өлкөсү англис тилин билүү боюнча 100 өлкөнүн ичинен 96-орунду алды. Алдыңкы бештикке Нидерланддар, Дания, Финляндия, Швеция жана Норвегия кирген. EF English Proficiency Index деп аталган дүйнөлүк рейтинг жыл сайын чыгарылып турат.

Бирок өткөн жылга салыштырмалуу Кыргыз мамлекети рейтингде үч позицияга көтөрүлгөн. Буга чейин тизменин ылдый жагынан экинчи орунда эле. Ага карабай Кыргыз жаранынын англис тил билүү деңгээли өтө төмөн бааланган, орточо кыргыздар бул чет тилде ысымын, жашын жана кайсы жактан экенин эле айтып бере алышат.

Коңшу өлкөлөрдү карай келсек, тизмеде Казакстан 92-, Өзбекстан 88-, Ооганстан 79-, Орусия 41-, Кытай 38-катарды ээледи. Ал эми Тажикстан Кыргыз өлкөсүнөн артта, тагыраагы 100-орунду алды.

Бүт дүйнө боюнча 26 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар англис тилди мыкты билишет. Ошол эле учурда 18 жана 20 жаш ортосундагыларга караганда 40 жаштан улуулардын англис тилди билүүсү жакшы болуп чыккан.

Рейтинг англис тили эне тили болбогон 100 өлкөнүн 2,2 миллион жашоочусунан алынган жооптордун негизинде түзүлгөн.