Human Rights Watch: «Конституцияны кийинки парламент талкуулашы керек»

Парламенттин азыркы убактылуу курамы Баш мыйзамдын долбоорун кароону 7-чакырылыштын депутаттары шайланып келгенге чейин токтото турушу керек.

Анткени конституциялык реформанын алкагында кеңешүү-акылдашуу кең-кесири жүрүп, демилгечилер баардык тараптардын ар бир айтылган пикир-сунуштарын эске алышы зарыл.

Бул тууралуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан «Хюман Райтс Уотч» (Human Rights Watch) укук коргоо уюмунун 5-мартта тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Уюм 9-февралда парламентке киргизилген “Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору адам укуктарынын нормаларын алсыратып, бийликтин өз ыйгарым укугунан кыянаттык менен пайдаланышына бөгөт коюучу тең салмагын буза тургандыгын» белгилеген.

“Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү, анын ичинде Еврошаркет, анын айрым мүчөлөрү, АКШ жана Улуу Британия жаңы баш мыйзамды кабыл алууну улуттук жана эл аралык нормаларды сактоо менен жүргүзүүсү үчүн Кыргызстандын өкмөтүн Конституциянын долбоорун Венеция комиссиясына берүүгө чакырышы керек” деген Human Rights Watch.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды. Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш беришти, 21и катышкан жок.

Конституциянын жаңы долбоорун бийлик 11-апрелде референдумга койгону жатат.