Ички аскерлер балдарды майрамы менен куттукташты

Бүгүн, 1-июнда Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркындагы Ички аскерлердин аллеясында Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата жана Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленип, “Балдар биздин келечегибиз” атуу иш-чара болуп өттү.

Алгач, ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктады. “Балдар – биздин бактыбыз, келечегибиз, жашообуздун жарыгы жана маңызы. Ар бир бала мээримге бөлөнүп, бактылуу балалыкта, татыктуу жашоодо чоңойууга укуктуу. Дени сак, адептүү, акылдуу, билимге умтулган балдарды тарбиялоо үчүн мамлекет, ата-энелер, турмуштун суугунан коргоп, мээрим төгүп, туура жол көрсөтүп тарбиялашыбыз керек. Келечек ээлерин коргоп алуу – биздин милдетибиз”, — деди ал.

Иш чаранын жүрүшүндө балдар “Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы” темасында бор менен парктын ичинде сүрөт тартышты, алардын көнүлдөрүн ачуу үчүн ар кандай оюн зооктор уюштурулду. Бул кубанычтуу күнү Ички аскерлер тарабынан балдарга балмуздак таратылды.