Ички иштер министри: «Белгилүү адамдардын баңгизат колдонгондугу капа кылды»

«Белгилүү адамдардын баңгизат колдонгондугу капа кылды». Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматынан таратылган маалыматка ылайык, Болот Темиров менен Болот Назаровго карата иликтөө бейтарап жана мыйзамдын алкагында болот. «Биз ушундай белгилүү адамдардын мындай криминалдык кырдаалга туш келип калат деп күткөн эмеспиз. Элге таанымал адамдар, анын ичинде журналисттер дайыма бизге түрдүү кылмыштардын, ошондой эле баңги заттын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө байланыштуу профилактикалык иштерде жардам берип келишчү. Бирок факты факты бойдон кала берет. Бизге арыз менен кайрылышты, мыйзамга ылайык, биз ага реакция кылып, тиешелүү чара көрүшүбүз зарыл. Албетте, кылмыш курамында кылмыштын бар болгону кайгылуу жыйынтык болуп калды. Тергөөнүн жүрүшү толугу менин көзөмөлүмдө», — деген министрдин сөзүн маалымат кызматынан билдиришти.

«Белгилүү адамдардын баңгизат колдонгондугу, керек болсо, буга башка жарандарды көндүргөнү капа кылганын баса белгилегим келет. Муну экспертизанын жыйынтыгы далилдейт. Азыр тыкыр иликтөө жүргүзүп жатабыз, анда кармалгандар кимден баңги затын алып жүргөнүн, кимдер менен байланышканын, ошондой эле мыйзамсыз заттарга байланыштуу бардык фактыларды изилдеп чыгабыз», — деди Ниязбеков.

Temirov LIVE каналы 20-январда «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. 22-январда аталган каналдын кеңсесинде укук коргоо кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, кийин иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишкен. Ушул эле күнү аталган каналда иштеген жана төкмө акын Болот Назаровдун да кармалганы маалым болгон. 23-январда Темиров менен Назаровдун тарапташтары  ИИМдин жана Бишкек ШИИББинин жанында алардын бошотулушуун талап кылган митинг өткөрүшүп, экөө тең эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Милициянын маалыматы боюнча, иликтөөчү журналист менен төкмө акын сатуу максаты жок баңги затын мыйзамсыз даярдоого жана аны колдонууга көндүрүүгө шектелүүдө. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымындаНазаровдун канынын анализинен баңгизат бар болуп, ал эми Темировдун канынын анализи таза болуп чыккан.