Ички иштер министри Улан Ниязбековдун атасы дүйнө салды

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун атасы Омокон Ниязбеков дүйнө салды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

«ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу, Ички иштер министрлигинин өздүк курамы министр Улан Ниязбековго атасы Омокан Ниязбековдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат. Жакын адамыңды жоготуу — оор сыноо. Аза кайгыңызды тең бөлүшөбүз», — деп жазылат маалыматта.

Омокан Ниязбеков январда 69 жашка чыкмак.