Ички иштер министри Ысык-Көлдө каза болгон жигиттин жакындары менен жолукту (видео)

Бүгүн, 10-августта ички иштер министри Улан Ниязбеков Ысык-Көлдүн «Алтын Кум» пансионатынын жанында каза болгон Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Жолугушууга Талас облусунун губернатору, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору, аталган башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу жана күбөлөр катышышты.

ИИМдин башчысы маркумдун жакындарына бул факты ар тараптуу жана объективдүү каралып, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын максаттуу тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына ИИМдин тергөө, ыкчам, криминалисттик кызматтардын эң тажрыйбалуу кызматкерлери киргендиги тууралуу жана кошумча күбөлөрдү аныктоо боюнча иштердин жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Улан Ниязбеков жакындарынын, ошондой эле күбөлөрдүн пикирин укту. ИИМ башчысы облустук жана райондук милиция тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп, окуянын бардык жагдайлары иликтенип жаткандыгына ишендирди. Бул иш президенттин көзөмөлүндө экенин, тергөөнүн ар бир аракети менен жеке таанышып, изилдеп жаткандыгын баса белгиледи. Мындан тышкары, кандайдыр бир шектенүүлөрдү жоюу максатында, тергөө амалдарын жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында бардык тергөө процесстери тууралуу туугандарына маалымат берилерин билдирди.

Маркумдун ата-энеси жана жакындары ИИМ жетекчилигине болуп өткөн окуяга өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тергөө объективдүү жүргүзүлөт деген үмүтүн билдиришти. 23 жаштагы жигиттин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл жана Кара-Буура райондорунун соттук-медициналык экспертиза бюролорунда зарыл экспертизалар дайындалган. Бүгүнкү күндө экспертизалардын расмий корутундулары даяр эмес.