Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов УКМКнын тергөө абагына которулду

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов УКМКнын СИЗОсуна которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

Тиешелүү чечим сот тарабынан бүгүн чыгарылган. Белгилей кетсек, буга чейин ал Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилген болчу.

Курсан Асанов 21-мартка чейин камакта болот. Ага массалык башаламандык жана Ички иштер министрлигинин имаратын басып алуу боюнча айып тагылууда. Асановго мындан тышкары дагы «Бийликтин өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча айып тагылган.