Ички иштер министринин орун басары: «2024-жылдын башынан бери балдарга карата 52 зордук-зомбулук учуру катталды»

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында жашы жете элек балдарга карата зомбулук аракеттерди алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштер жана жашы жете элек балдарга карата ырайымсыз зомбулук жасаган адамдарга карата көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалыматы угулду.

Аталган маселе боюнча Эмгек министринин орун басары Жыпариса Рысбекова баяндама жасап, балдардын укуктарын коргоо жаатындагы учурдагы абалга токтолду. Анын айтымында, 2024-жылдын 1-кварталында турмуштук оор кырдаалга кабылган министрликтин территориалдык башкармалыктар тарабынан 2238 бала аныкталып, алар үчүн жекече иштөө иш пландары иштелип чыккан. «Анын ичинен 1000 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгарылган. Ошол эле учурда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын арасынан 107 бала физикалык, сексуалдык жана физикалык зордук-зомбулукка кабылган», — деди Жыпариса Рысбекова.

Ал эми Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев белгилегендей, 2024-жылдын башынан бери балдарга карата 52 зордук-зомбулук учуру катталып, алардын ичинен 34 учуру боюнча тергөө кызматтары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө, 6 учуру боюнча кыскартуу чечими кабыл алынган жана 12 учуру боюнча сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрүнүн сунушу менен жыйынга чакырылган Жогорку Соттун жетекчилери келбегендиктен бул маселени кароо кийинкиге жылдырылды.