Ички иштер министрлигинде өзгөрүлгөн желек көтөрүлдү

Бүгүн, 1-январь күнү ички иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын өзгөрүлгөн желеги көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Иш-чарага ИИМдин Генералдар Кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, министрдин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы милициянын полковниги Сталбек Рахманов, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалгынын башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Тилек Түкебаев жана ИИМдин нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.