Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигине, ошондой эле башка бир катар министрликтерге жана мамлекеттик органдарга жаңы унаалардын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин атынан катышуучуларды жакында боло турган Эгемендүүлүк майрамы жана жаңы унаалардын тапшырылышы менен куттуктап, жергиликтүү өндүрүштөгү Шевроле үлгүсүндөгү унаалар материалдык-техникалык базаны бекемдөөгө, бардык мамлекеттик органдардын ишин натыйжалуу жүргүзүүгө жана коомдук коопсуздукту жогорулатууга багытталганын белгиледи.