Ички иштер министрлигине унаалар тапшырылды (сүрөт)

Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине унааларды тапшыруу расмий аземине катышты. Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү укук коргоо органдарынын гана эмес, жалпы коомчулуктун милдети экенин белгиледи.

“Баңги заттардын бардык түрлөрү адамдын ден соолугуна орду толгус зыян келтирет. Алар адамдын өмүрүн жана үй-бүлөсүн алып, коомдун коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурат. Ал менен күрөшүүдө коомдун кайдыгер эместиги маанилүү, ар бир адам баңги заттын зыяндуулугу тууралуу маалыматты жайылтууга салым кошо алат”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко баштаган Орусиянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирүү менен берилген жардамдын аркасында Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин потенциалы жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү жогорулаарын кошумчалады.