«Ичүүчү суу камдап алыңыз». Бишкекте 20-февралда айрым конуштарда суу өчүрүлөт

20-февралда турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Өчүрүү району:
• «Мурас-Ордо» конушу саат 9.00дөн 15:00 гө чейин;
• «Калыс- Ордо» конушу саат 9.00дөн 15:00 гө чейин.

Ичүүчү сууну өчүрүү «Мурас-Ордо», «Калыс-Ордо» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу. «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.