«Идея баарыбызга таандык». Орус улутундагы жигиттердин кыргызча сүйлөшкөн видеосу

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары 4 орус улутундагы жигиттердин кыргызча баарлашып жаткандагы видеосу менен бөлүшүп жатышат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги видео боюнча Толик кыргыз деп таанылган блогер Анатолий Разгоняев менен байланыштык. Ал жигиттер мурда Кыргызстанда жашашканын, учурда Орусияда жашай турганын айтты. «Видеодогу Руслан, Филипп, Роман жана мен. Кээде адамдардын маанайын көтөрүү үчүн кыргызча сүйлөп түз эфирге чыгабыз. Бул идея баарыбызга таандык. Мен үчөөнүн кыргызча кайдан, кантип үйрөнүшкөнүн сураган эмесмин. Алар дагы мага окшогон блогерлер», — деди ал.