«Идеянын автору — Садыр Жапаров». Аскар Акаев аны Бишкекке ким жана эмне үчүн алып келгени тууралуу айтып берди

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев «Российская газетага» интервью берди. Ал 16 жылдан соң мекенине кайтып келген. Мурунку мамлекет башчысы аны ким жана эмне үчүн Кыргызстанга чакырганын айтып берди. 

Анын коопсуздугуна ким кепилдик бергенин айтып берип жатып, Аскар Акаев төмөнкүлөргө токтолду: “Биринчиден, Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаров анан албетте, ушул жылдар бою мага жана менин үй-бүлөмө чексиз колдоо көрсөтүп келген Орусиянын мамлекеттик жетекчилиги, мен аларга түбөлүк ыраазымын».

Ошондой эле аны Кыргызстанга алып келүү демилгеси азыркы мамлекет башчыга таандык экенин айтты. «Идеянын автору — Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаров. Ал мага өзү телефон чалып, Кумтөргө байланышкан иш боюнча укук коргоо органдары менен кызматташууга мени Кыргызстанга чакырды. Ал баары мыйзамдын чегинде болорун убада кылган жана ал айткан сөзүнө турду», — деди ал.

Анын айтымында, ал Садыр Жапаров менен Бишкекте жолуккан. «Биринчиден, дароо Бишкекке келгенден кийин, мени жана сапарда мени коштоп жүргөн уулум Илимди республиканын президенти Садыр Нургожоевич Жапаров кабыл алды. Жолугушуу-баарлашуу абдан конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Мен 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин республикада башталган ошол конструктивдүү иштерди колдоорумду жана аларды ишке ашыруу үчүн колдон келген жардамымды берүүгө даяр экенимди билдиргем», — деди Аскар Акаев.

Анан мени, алар айткандай, колдон колго, Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырды, мен анын мекемесинде анын кызматкерлери менен толук бир жума иштедим. 

«Мага ал жерде урмат көрсөтүлдү, ошондуктан биз абдан жемиштүү иштедик. Бардык суроолорго чын дилимден жооп жана түшүндүрмөлөрдү бердим. Бирок жыйынтыктар тууралуу айтууга азырынча эрте. Кошумча суроолор болушу мүмкүн. Анан компетенттүү органдар акыркы чечимди кабыл алышат. Мен адилеттүү болот деп үмүттөнөм”, — деп кошумчалады ал. 

Акаев «Кыргызстандын азыркы бийлиги мөңгүлөрдүн жана башка жаратылыш ресурстарынын булганышына, ошондой эле экономикалык пайданы адилетсиз бөлүштүрүүгө байланыштуу экологиялык катастрофаны токтотуу үчүн» Кумтөрдө «тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууну туура кылды» деп эсептейт.

Эске сала кетсек, Аскар Акаев Бишкекке 2-августта келген. Буга чейин ал «Кумтөр» иши боюнча издөөдө жүргөн. Мурдагы президент УКМКга жеткирилгенден кийин тергөө менен келишим түзгөн. Анын айтымында, ал бир нече жолу суракка алынган.