ИИМ: Митинг тарады, каза болгондор жана жабыркагандар жок

Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу, учурда аймактагы абал ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин жетекчилигинин толук көзөмөлүндө. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

«Митингдин бардык катышуучулары тарап кетишти, митинг учурунда Кыргыз Республикасынын жана чет элдик жарандардын арасында каза болгондор жана жабыркагандар болгон жок. Борбор шаарыбыздын бардык көчөлөрүндө унаа каражаттары үчүн кыймыл калыбына келтирилди», — деп жазылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Милиция кызматкерлери тарабынан кайгуулдар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында милициянын шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлер жана башка түзүмдөрү менен бирдикте күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти камсыз кылышат. Борбор калаанын бардык көчөлөрүндө транспорт каражаттары үчүн кыймыл калыбына келтирилди.