«Ийиндеш иштеп, жакшы-жаман күндөрдү бирге баштан кечирдик». Курманбек Бакиев Конгантиевди эскерди

Бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиев 12-январда каза болгон ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевди эскерди. Ал өзүнүн эскерүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Жаның бейиштик болсун. Аттиң, айта турган сөз көп эле… Кесибин чын дилинен сүйүп, берилип, башкаларчылап багытын буруу турмак, мойнуна сыйыртмак салынып турган кезде да пикиринен тайбай, кайратынан жанбаган намыска бек инсан болчу. Калк камында иштегенди өтө жактырчу. Жолдун алыстыгы, жагдайдын катаалдыгы Молдомусаны оңой менен моюн сундурбайт эле. Жараткан бул жигитке тубаса генералдык мүнөздү энчилегендей, тез бирок так, таамай чечим чыгарар эле. Кайран жигит, айрым кара мүртөз пейилибизденби, кай бирлердин ичи тардыгынанбы, же көрөгөч, чапчаң адамдан корккондуктанбы, айтор, акыркы мезгилде мамлекеттик кызматка коюудан качтык. Жетик интеллектин, күчтүү дипломатиялык дараметин пайдаланып кала албадык. Мыкты инсанды кармап кала албадык. Мезгилинде Конгантиевдин кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасынан өтүп баратканын алдыртан күтүп, тажик, өзбек туугандар сыйлап узатып турушканын элдин оозунан далай ирет угуп жүрчүбүз. Аттиң, дүйнө, айла жок! Молдомуса Ташболотович, элдин эсинде чыныгы генерал-лейтенант катары эскерип жүрөр арманга айланды. Кош иним, жаш элең, пайгамбар жашында акка моюн сунарынды билдиң бекен. Биз ийиндеш иштеп, көп жакшы-жаман күндөрдү бирге баштан кечирдик. Моюн сунбашка арга барбы, сүйүүгө бекем ак куулар жалгыз жашабайт дейт, балким жубайыңды жалгыздаткың келбегендир, акыретиң абад болсун, калган өмүрүңдү уул-кыздарына берсин. Сен бүтүрбөгөн иштерди, сен жетпеген максатка балдарың жетсин. Кош кайран генералым!» — деп жазды ал.