ИИМ 7 жетекчини ротация кылды. Тизме

ИИМдин буйруктарына ылайык өткөн жумада ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Болот Арзыгулов Нарын облусунун Ат-Башы РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад ШИИБдин начальниги кызматына дайындалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ошондой эле, милициянын полковниги Мартбек Зикиров Ош облусунун Кара-Кулжа РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Ат-Башы РИИБдин начальниги кызматына,
милициянын полковниги Жаныбек Канзаманов Баткен облусунун Баткен ШИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Бакай- Ата РИИБдин начальниги кызматына,
милициянын полковниги Алмазбек Кубатбеков Жалал- Абад облусунун Жалал -Абад ШИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Баткен облусунун Баткен ШИИБдин начальниги кызматына,
милициянын полковниги Маратбек Шайбеков Талас облусунун Бакай- Ата РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп Ош облусунун Кара-Кулжа РИИБдин начальниги кызматына,
милициянын подполковниги Болотбек Кундузов Баткен облусунун Лейлек РИИБдин начальниги кызматынын бошотулуп, ушул эле облустун Кадамжай РИИБдин начальниги кызматына жана милициянын майору Кожобек Козубаев Баткен облусунун Кадамжай РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, ушул эле облустун Лейлек РИИБдин начальниги болуп дайындалышты.