ИИМ: Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшыргандардын 79 пайызы кулап калган

Ички иштер министрлигинде 2022-жылдын тогуз айынын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

“Унаа” мекемесинин ишмердигин жаңылап, видео-камераларды орнотуп, айдоочулук күбөлүк алуу тартибин катаалдаштырдык. Бүгүнкү күндө, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн автомектептерди аяктаган жарандардын 21 пайызы гана күбөлүктөргө ээ болуп, калган 79 пайызы жол эрежесин так билбегендиги үчүн экзамендерден өтпөй калган», — деп айтылат маалыматта.