ИИМ ата-энелерди кышкы каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоого чакырат

Ички иштер министрлиги кышкы, жаңы жылдык каникулдардын башталышына байланыштуу ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну өтүнөт.

Каникул учурунда окуучулар көбүрөөк убактысын көчөдө жана теңтуштарынын арасында өткөрүшөт. Ошондуктан ата-энелер алардын чөйрөсүнө кызыгып, алардын кайда жана ким менен жүргөнүн билип, ошондой эле коомдук жайларда жана короолордо коопсуз жүрүү эрежелерин түшүндүрүп турушу маанилүү.

ИИМ кыш мезгилинде жолдордун тайгак болушу жана көрүүнүн начарлашынан улам коопсуздуктун элементардык чараларын сактабоо жол кырсыктарына жана башка кырсыктарга алып келерин эскертет. Жол кыймылынын эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл буруу керек, балдарга жолдун боюнда ойноого болбой тургандыгын жана жолду кесип өтүүдө этият болуу зарылдыгын эскертип туруу керек.
Ички иштер органдары жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Ошол эле учурда балдардын коопсуздугун камсыздоодо жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандырууда ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн мааниси чоң.