ИИМ: Балдарга карата зомбулукту алдын алуу максатында 504 штаб түзүлгөн

Балдарга карата зомбулукту алдын алуу максатында 504 штаб түзүлгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги Коомдук кеңешинин 26-февралда өткөн жыйынында билдирди.

Мекеменин маалымат кызматы бул багытта атайын түзүлгөн мекемелер аралык эксперттик топ да иштеп жататканын баса белгеледи.

Ошондой эле, зомбулукка каршы күрөшүү жалаң гана милициянын милдети эмес экени, жергиликтүү бийлик, үй-бүлө мүчөлөрү өзүлөрү да зомбулукка каршы турууга, аны токтогууга жана алдын алууга аракет кылышы керектиги айтылды.

Укук коргоочулар Кыргызстанда 2019-2020-жылдары мурунку жылдарга салыштырмалуу балдарга карата зордук-зомбулук дээрлик 50% көбөйгөнүн белгилешти. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2020-жылы ата-энеси мигрант болуп башка өлкөгө кеткен 6 миңдей бала эч кандай тууганчылыгы жок адамдардын колунда жашап жатканын билдирген.