Кечээ, 18-августта Ички иштер министрлигинде ИИМдин Коллегиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.
Жыйынтыгында 18 жетекчи тартиптик жазага тартылды. Алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду. Калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулду.