ИИМ башчысы: «Жол кырсыктарына жооп бере турган мезгил жакындап калды»

Бүгүн, 25-сентябрь күнү онлайн режиминде өткөн кеңешмеге министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Анда жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери жана жол коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.

“Жол кырсыктарынын санынын өсүшү бир катар факторлордон турат. Унаалардын көбөйүшү, сапатсыз айдоочулардын даярдалышы, жол инфра-түзүмүнүн талапка ылайык келбегени — негизги себептер болуп эсептелет. Аталган факторлорду эске алып, заманбап технологиялардын жана таасирдүү пропагандалык ишмердиктин натыйжасында, жол кырсыктарынын санын азайтуу боюнча баарыңыздар талыкпаган жумуштарды алып барыңыздар. Айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр арасында профилактика иштерин туура жүргүзүп, унаа кырсыктарын болтурбоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну тапшырам. Быйылкы жайкы туристтик сезон учурунда, интернет социалдык түйүндөрүнө унаа кырсыктары боюнча мезгил-мезгили менен видеотасмалар чыгып, алардын арасында үй-бүлөсү менен каза болгон фактылар да орун алып, коомчулуктун үрөйүн учурган жагдайларды баарыңыздар жакшы билесиздер. Былтыркы туристтик мезгилге караганда, же тактап айтканда 13-майдан 31-августка чейин жол кырсыктары болгону 21 фактыга гана төмөндөгөн. Ошого карабастан бул багытта ишти ар тараптуу күчөтүү керек. Бул маселени биз 9 айдын жыйынтыгы менен өтө турган коллегияда кеңири талкуулдап чечимдерди кабыл алабыз. Жол кырсыктарына жооп бере турган мезгил жакындап калды, ошондуктан иш-чараларды күчөтүп, тиешелүү жумуштарды алып барыңыздар деп дагы бир жолу эскертем”, — деди ИИМ башчысы Улан Ниязбеков.