Социалдык тармактарда коомдук жайда тамеки чегүү фактысы тартылган видео тараганына байланыштуу ички иштер министрлигинен маалымат таратышты.
Бул факты боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте протокол түзүлүп, айып пул төлөндү. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо кызмат ордуна карабастан бардык жарандар үчүн милдеттүү экенин белгилейбиз. Ички иштер органдары жарандарды мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.