ИИМ башчысы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча: «Айрымдар арыз жазышпайт»

Кээ бир адамдар арыз жазбайт. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлда маалымат жыйында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактыларына комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, окуя тууралуу айтуудан баш тарткандар бар.

Ниязбеков бардыгы укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө экенин жана кылмыштуулук күн сайын талданып жатканын ишендирди.