ИИМ башчысынын орун басары: «Жарадар болгон 162 адамдын 118ине ок тийген»

Бүгүн, 2-май күнү ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев маалымат жыйын өткөрүп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара чатагынан кийинки кырдаал, козголгон кылмыш иштери, тергөөнүн жүрүшү тууралуу айтып берди.
Кыргыз-тажик чек ара чатагынан 162 адам жабыркап, 34 киши курман болду. 3 жоокер, 31 жөнөкөй жаран октон каза болгон. Жаракат алгандардын 12си — чек ара кызматынын жоокерлери, 17си — ИИМ кызматкери, калгандары жөнөкөй жарандар болгон. Жарадар болгондордун 118ине ок тийип, 10уна таш тийген.
Ички иштер министринин орун басары: «Бишкек, Ош шаарларынан, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынан чакыртылган тергөөчүлөрдөн түзүлгөн атайын тергөө тобу Баткен облусуна жөнөп кетишкен. Алар келтирилген чыгымды жана башка далилдерди топтоп жүрүшөт», — деди.