ИИМ башчысынын орун басары: «Окуучулар ууланган атырдын кайдан алып келингени иликтенип жатат»

«Буга чейин Ош облусунда мектеп окуучулары атырдан ууланганы айтылса, кийин бул кайталанды» деп депутат Русланбек Жакышов бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында билдирди.

«Ал эмне болгон атыр?» — деп сурады ал Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары Нурбек Абдиевден.

«29-мартта биринчи факты Кара-Суу районунда катталган. Окуучу класска атыр алып келип, чачып жиберген, анын кесепетинен 23 окуучу ууланып, ооруканага түшкөн. Алардын баары үйүнө чыккан. Азыр экспертиза дайындалды. Атыр кайдан алынып келингени, аларда кандай уулуу заттар бар экени иликтенип жатат», — деди ал.