ИИМ Эне тил күнүнө карата куттуктайт (видео)

21-февраль 2000-жылдан бери Эне тил күнү деп белгиленип келет. Окумуштуулар жер жүзүндө 7 миңден ашуун тил бар экенин жана анын 40тан көбү дүйнө жүзүнүн үчтөн эки бөлүгүндө сүйлөнө турганын белгилешет.

Ички иштер министрлиги бул күнгө карата: «Улут болсоң тилиң менен улутсуң дегендей, тил бир эле баарлашуунун, кабыл алуунун жана ойлонуунун куралы катары бүгүн менен эртеңдин байланышын сүрөттөп гана турбастан, ар бир элдин руханий мурасы, адамзаттын баа жеткис байлыгы болуп саналат. Адам баласынын ар түрдүү чыгармачылыгынын кайталангыс сүрөттөлүшүн түзгөн дүйнө тилдерин аздектеп алуу ар бирибиздин милдетибиз. Ар бир тил өзүнчө кайталангыс улуу мурас, интеллектуалдык байлык. Андыктан, ар бир улут өз эне тилин аздектеп, көздүн карегиндей сакташы керек. Эне тил – улуттун жүзү, сыймыгы»,- деп куттуктоо жолдоду.