ИИМ эскертет: баллондо (тюбингде) муз тебүү өмүргө коркунучтуу

Жаңы жылдык майрамдар — кызыктуу эс алып, убакытты пайдалуу өткөрүүгө эң ылайыктуу мезгил. Бул убакта, өзгөчө тоолуу аймактарда эс алганда, коопсуздук эрежелерин катуу сактоо маанилүү.
Баллон (тюбинг) менен муз тебүү ылдамдыгы жогору болгондуктан, аны башкаруу же тез токтотуу кыйын, ошондой эле тоскоолдуктарга же башка адамдарга урунуунун коркунучу чоң. Көп учурда мындай жагдай кулап кетүү жана оор жаракаттар менен аяктайт. Каргашалуу окуялардын алдын алуу үчүн тюбингди атайын жабдылган, коопсуз жайларда гана жана белгиленген эрежелерди так сактоо менен колдонуу керек.

Негизги коркунучтар:

— Жогорку ылдамдык жана көзөмөлдүн жоголушу. Тюбинг чанага салыштырмалуу кыйла ылдам жүрүп, аны башкаруу мүмкүн болбой, көзөмөлсүз кагылышууларга себеп болушу мүмкүн.
— Кагылышуу коркунучу. Дарактарга, таштарга, башка адамдарга же тюбингдерге урунуп кетүү, ошондой эле жолго чыгып кетүү ыктымалдыгы бар.
— Жаракат алуу коркунучу. Жогорку ылдамдыкта кулап кетүү, музга же катуу карга урунуу сөөктүн сынуусуна, мээ чайкалышына жана башка олуттуу жаракаттарга алып келиши мүмкүн, айрыкча жатып же туруп тебүүдө.
— Күтүлбөгөн тоскоолдуктар. Трассада башка адамдар же бөтөн нерселер болушу ыктымал.

Коопсуз тюбинг тебүү эрежелери:

— Атайын бөлүнгөн жана жабдылган трассаларды гана колдонуңуз;
— Эгер тюбинг бир адамга ылайыкталган болсо, анда бир гана адам отуруусу керек;
— Отуруп, алдыга карап, кармагычтарын бекем кармап түшүңүз;
— Түшүүдөн мурда трассанын бош экенин текшериңиз;
— Тыюу салынат: тюбингди автоунаага же квадроциклге байлап, жүрүү каражаты катары колдонууга;
— Эгер кулап кетсеңиз, алдыга же артка эмес, капталга кулаганга аракет кылыңыз.