2024-жылдын акыркы күнүндө республикада оор жана одоно укук бузуулар жана кылмыштар катталган жок. Жаңы жыл түнү тынч өтүп, олуттуу окуялар болгон жок. Ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Майрамдык иш-чараларда коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн коопсуздуктун бардык түрүн эске алуу менен чаралар көрүлүүдө. Турак-жайларда, эл көп чогулган жерлерде, ошондой эле иш-чараларда укук тартибин көзөмөлдөө жүргүзүлүүдө. Бул локациялардын жанында милиция посттору коюлган. Жаңы жылды майрамдоо күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жана тергөө топторунун күнү-түнү нөөмөттөрү уюштурулган.
Ички иштер органдарынын бардык өздүк курамы кызмат учурунда мыйзамды сактоого, жасалган жана даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу бардык билдирүүлөргө жана сигналдарга дароо жооп берүүгө багытталган. Кылмыштарга жана укук бузууларга токтоосуз чара көрүү, алдын алуу жана болтурбоо максатында кошумча тергөө-ыкчам жана тез чара көрүү топтору түзүлгөн. 15 миңден ашык Ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти толук камсыздашууда, олуттуу укук бузуулар болгон эмес.