ИИМ: «Кайсы бир талапкер чагымчылдык даярдап жатат деген маалымат жок»

Президенттик шайлоо учурунда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерин Ички иштер министрлиги токтотуп калууга даяр. Ошол эле учурда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан митингдин катышуучуларын күчкө салып таратпайт. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов айтты.

“Коомдук тартипти бузгандар жоопко тартылат. ИИМ түн-күн дебей, калп, дүрбөлөң салган жана чагымчылдык жараткан маалыматты аныктоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга, видеохостингдерге жана телеканалдарга мониторинг жүргүзүп жатат. Буга күч жана каражат жетиштүү.

Бүгүнкү күнгө карата белгилүү бир талапкер чагымчылдык даярдап жатат деген маалымат жок. Министрлик саясий процесстерге катышпайт жана аралашпайт. Ал бардык саясий жана коомдук бирикмелерге бирдей карайт. Кокусунан башаламандык орун алса, анда министрликтин жетекчилиги качып кетпейт”, — деди министрдин орун басары.

10-январь күнү өлкөдө 11 миңдей милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт.