ИИМ: «Курал жөн эле берилбейт. Атайын даярдыктан өтүү керек»

ИИМ башчысынын орун басары Эркебек Аширходжаев 2-май күнү маалымат жыйын өткөрүп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара чатагынан кийинки кырдаал тууралуу айтып берди.

Аширходжаев Баткендеги абалды ИИМ башчысы жеке көзөмөлгө алып, министрдин тапшырмасы менен биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков жеринде көзөмөлдөп жүргөнүн, милиция күчөтүлгөн режимде иш алып барып, жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн бардык аракеттер жасалып, блок-посттор уюштурулуп, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.

«Учурда Бактен облусундагы абал туруктуу. Эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, милиция элдик кошуундар менен бирге ар бир айылды, ар бир үйдү күнү-түнү кайтарууга алууда. Ар бир жабырлануучу жарандын арыз-дооматтарын угуп, келтирилген чыгымдарын кылдаттык менен эсептеп чыгуудабыз. Ошондой эле чыгымдарды эки өлкө ортосунда түзүлгөн комиссия дагы иликтеп, эсептөөдө», — деди ал.
Ошондой эле курал сурап кайрылган айрым жарандардын талабы боюнча журналисттердин берген суроосуна Эркебек Аширходжаев: «Курал жөн эле берилбейт. Анын өзүнүн тартиби болот. Мобилизация тууралуу мыйзамдын талаптарына ылайык жапырт мобилизация жарыялангандан кийин жарандар атайын даярдыктан өтүшөт. Ошондон кийин гана жарандарга курал берилет. Бул бүт дүйнө жүзүндө кабыл алынган тартип», — деди.