ИИМ: “Кыргызстанда Жаңы жыл түнү абал тынч болду”

Кыргызстанда Жаңы жыл түнү абал тынч болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,  өлкө аймагын 13 миңден ашуун милиция кызматкерлери көзөмөлгө алышкан. Бул жылы башка жылдардан айырмаланып, олуттуу мыйзам бузуулар болгон эмес жана кылмыш иштери салыштырмалуу аз катталган.

31-декабрда өлкө аймагында 18 жол кырсыгы катталган. Анда 19 адам жаракат алып, бир адам каза болгон.