ИИМ кызмат учурунда көз жумган кызматкерлерин эскерди

Кыргызстанда жыл сайын 15-майда кызматтык милдеттерин аткарып жатып курман болгон ИИМдин жана Ички аскерлердин аскер кызматкерлеринин жаркын элеси эскерилип келет. Бул жылдагы эскерүүгө ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын жетекчилери жана өздүк курам, курман болгон кызматкерлердин туугандары жана жакындары катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүгүн кызмат учурунда каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары даңазалуу күжүрмөн каада-салтты бекем кармап, муундан-муунга калтырып, ар-намыс жана кадыр-барк менен республикабызда кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарып келишет», — деди Нурбек Абдиев.

1918-жылдан 1991-жылга чейин республиканын аймагында ички иштер органдарынын 87 кызматкери, ал эми 1991-жылдан ушул күнгө чейин 57 кызматкер, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жалпы 144 кызматкери кызмат учурунда курман болгон.