ИИМ: «Кызматтык милдеттерди аткаруудагы кемчиликтери үчүн 66 жетекчиге жаза берилди»

Кызматтык милдеттерди аткарууда кетирилген кемчиликтери үчүн жетекчилерге тартип жазалары берилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бүгүн, 3-ноябрда ИИМде 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Анын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн тогуз айдын жыйынтыгы менен жалпы 119 кызматкер, анын ичинен 66 жетекчи кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди. Айрымдары мурдагы берилген жазалар менен чектелип, ишмердүүлүгү жыл жыйынтыгына арналган отурумда карала тургандыгы белгиленди.