1-майдан 10-майга чейин ички иштер органдарынын өздүк курамы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Милиция май айынын узак дем алыш күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Коомдук тартипти камсыз кылуу, анын ичинде маданий-массалык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин комплекстүү Планы бекитилди. Май майрамдарында милиция жарандардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Ички иштер министрлиги мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу үчүн уюштуруу жана алдын алуу иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө. Мындан тышкары, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүшөт. Мас абалындагы айдоочуларга же айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражаттарын башкаргандарга өзгөчө көңүл бурулат.