ИИМ: «Милиция коомдук коопсуздукту камсыздоону улантып жатышат»

Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрүндө Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздоо максатында жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

«Өзгөчө маанилүү, стратегиялык жана кайтарууга алынган тиричиликти камсыздоочу объектилерди коргоо камсыздалды. Негизги майрамдык иш-чараларда тартипти камсыздоодо коопсуздуктун бардык деңгээлин эске алуу — жакын жердеги турак-жай секторунда, массалык иш-чаралар өтүүчү жайларда  мыйзамдуулуктун жана тартиптин абалына көзөмөл кылуу болгон. Кайгуул милициясынын посттору майрамдык иш-чаралар өтө турган жайларга жакын жерлерге жайгаштырылды. Милициянын кезметтеринин, ыкчам-тергөө топторунун күнү-түнү нөөмөттө болуулары уюштурулган. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого көмөк көрсөтүү үчүн укук коргоо багытындагы коомдук түзүмдөр, ыктыярдуу элдик кошуундар тартылган», — деп жазылат маалыматта.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук камсыздалып, ыкчам-криминалдык абал туруктуу жана милициянын толук көзөмөлүндө экендиги айтылат.