ИИМ: Селдин кесепетинен каза болгондорду издөө иштери уланууда

Бүгүн, 30-июнь күнү селдин кесепетинен каза болгон дагы бир жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Учурда издөө иштерине Ош, Баткен ОИИБдин кызматкерлери тартылып, кызматтык иттерди пайдалануу менен дайынсыз болгон жарандарды издеп табуу иштери жүргүзүлүүдө. Селдин кесепетинен зыян тарткан жайларды калыбына келтирүү аракеттерине 150дөн ашык милиция кызматкерлери жана ӨКМ, Коргоо министрлигинин аскерлери тартылып, биргеликте иштер жүргүзүлүп жатат.