ИИМ: “Шайлоо учурунда тартип бузуулар катталган жок”

Кечээ, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өткөрүлдү. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, добуш берүү мезгилинде коомдук тартипти одоно бузуу фактылары катталган жок. Өлкөнүн бардык аймактарында абал туруктуу болду.

Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузууларга жол бербөө максатында ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү.